Хакан Фидандын Рияддагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын Палестина элинин жанында болууну жана Газадагы кыргындын аткаруучуларынын соттолушу үчүн болгон күчү менен аракетин уланта турганын билдирди.

2133550
Хакан Фидандын Рияддагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын Палестина элинин жанында болууну жана Газадагы кыргындын аткаруучуларынын соттолушу үчүн болгон күчү менен аракетин уланта турганын билдирди.

Министр Фидан Х социалдык медиа эсебинен буларды билдирди : "Улутубуздун лидерлерин саясий материал катары колдоногон израилдик саясатчылардын маскалары эми толугу менен түштү. Эл аралык мыйзам жана бардык адамзаттык баалуулуктарды тепсөөнү улантып жаткан израилдик жетекчилер дүйнөлүк  коомчулуктун абийиринде айыпталууда. Кыргын кылгандар мыйзам алдында жооп бере турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз".

Бир тараптан Хакан Фидан Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда бул өлкөнүн тышкы иштер министри Файсал бин Ферхан, Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен жолугушту.

Министрликтин X социалдык медиа эсебинде орун алган билдирүүгө караганда министр Фидан катарлык кесиптеши Аль Тани менен, андан соң Сауд Арабиялык кесиптеши Файсал бин Ферхан менен жолугушту.

 

 

 



Тектеш кабарлар