Эрдоган : "Кара деңиз демилгеси болбогондо бир топ жерде ачарчылык болмок"

Президент Стамбулда «Туруктуу айыл чарба  жана айыл чарбада брендинг» деген темада өткөрүлгөн Зираат банкынын айыл  - чарба экосистемасы жыйынында сөз сүйлөдү.

2140984
Эрдоган : "Кара деңиз демилгеси болбогондо бир топ жерде ачарчылык болмок"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Кара деңиз демилгеси болбогондо башта Африка өлкөлөрү менен бирге бир топ жерде ачкачылык болмок",- деди. 

Президент Стамбулда «Туруктуу айыл чарба  жана айыл чарбада брендинг» деген темада өткөрүлгөн Зираат банкынын айыл  - чарба экосистемасы жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган : "Климаттык алмашуунун тескери таасирлери менен бирге суу булактары жана бассейндери бирден кагылышуу линиясына айланууда. Азия, Америка, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн чыңалуулардын негизинде суу ресурстары боюнча пикир келишпестиктер жатат. Ковид-19 эпидемиясы жана Россия  - Украина согушунда  бардык өлкөлөрдү азык - түлүк  менен  камсыз кылуу учун анын канчалык катуу салгылашканын унуткан жокпуз.

Түркиянын аракети менен ишке ашырылган Кара деңиз демилгеси болбогондо  өзгөчө Африка өлкөлөрүндө көп жерде ачарчылык болмок. Ачкачылык коркунучуна туш болуп, он миңдеген адамдар өмүрүнөн ажырайт. Буга кайдыгер карай алган жокпуз. Биз жалпысынан 33 миллион тонна эгиндин кысыктарыбыз аркылуу коопсуз өтүшүн камсыз кылуу менен кырдаалдын көзөмөлдөн чыгышына бөгөт болдук», - деди.



Тектеш кабарлар