Түрк Кызылайы Эрбилге жардам жеткирди

Түрк Кызылайы Рамазан айынын алкагында Ирактын Эрбил шаарындагы Бахерка качкындар лагеринде муктаж болгон 850 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын жеткирди.

2125963
Түрк Кызылайы  Эрбилге жардам жеткирди

Түрк Кызылайы Рамазан айынын алкагында Ирактын Эрбил шаарындагы Бахерка качкындар лагеринде муктаж болгон 850 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын жеткирди.

Түрк Кызылайынын Ирак делегациясынын төрага орун басары Эрай, террордук уюм ДЕАШ тарабынан жерлеринен чыгарылган  жана Бахерка лагеринде жашап жаткан Мусул жана телафердик муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүнү уланткандарын айтты.

Рамазан айында жардам берүү иштеринин алкагында лагердеги 850 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттерин тараткандарын белгилеген Аккая, бул пакеттерде 5 кишилик бир үй-бүлөнүн 15 күндүк муктаждыгын камсыздаган  материалдардын бар экендигин белгиледи.

Аккая түк Кызылайы катары аймактагы мктаж кишилердин жанында болууну уланта тургандарын да сөздөрүнө кошту. 

Түрк Кызылайы Рамазан айында  Иракта  5 миң үй  - бүлөгө азык  - түлүк жардмдарынын улантыларын билдирген.

 



Тектеш кабарлар