Гүлер борбор шаар Анкарада "Деңиз торпидо жана ракета системаларына кол коюу аземдерине" катышты

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер үч тарабы деңиз менен курчалган Түркиянын укуктарын жана мыйзамдарын коргоо үчүн күчтүү деңиз күчтөрүнө ээ болуу тандоо эмес, зарылчылык экенин айтты.

2091216

Яшар Гүлер борбор шаар Анкарада "Деңиз торпидо жана ракета системаларына кол коюу аземдерине" катышты. 

Түркиянын акыркы жылдарда коргонуу өнөр жайында абдан чоң жана кенен масштабдуу бурулуштарды ишке ашыргандыгына көңүлдөрдү бурган министр Гүлер : "Түркия эми ээ болгон технологиялык структурасы,  өндүрүш көлөмү, инженердик жөндөмдүүлүктөрү менен орчундуу  технологияларды өндүрүү базасына айланды",- деди. 

Гүлер үч тарабы деңиздер менен курчалган Түркиянын укуктарын жана мыйзамдарын коргоо үчүн күчтүү деңиз күчтөрүнө ээ болуу тандоо эмес, милдет экенин баса белгилеп : "Түрк деңиз флотунун заманбап, эффективдүү жана күчтүү болушу үчүн деңиз коргонуу өнөр жайында чоң ийгиликтерди жараттык жана улантуудабыз»,-деди. 

Гүлер ата мекендик жана улуттук суу астында жүрүүчү торпедасы AKYA, улуттук канаттуу ракетасы ATMACA жана жогорку эффективдүү SAPAN ракетасын массалык түрдө өндүрүүгө карай кадамдын маанисине токтолду.

«Бул заманбап системалар менен деңиз күчтөрүбүз Көгүлтүр мекенибиздеги өзүнүн оперативдүү жөндөмдүүлүгүн мындан ары да жогорулатат, эл аралык коопсуздукту жана тынчтыкты колдоо боюнча иш-аракеттерин натыйжалуу улантат жана дүйнөнүн алдыңкы деңиз күчтөрүнүн арасындагы өзгөчө ордун бекемдейт»,- деди Гүлер.

Тектеш кабарлар