Бир жумада 45 террорист жок кылынды
Улуттук коргоо министрлиги маалыматтандыруу жыйынын өткөрдү.
2087445
Акыркы бир жумада 45 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.
Улуттук коргоо министрлиги өткөргөн бир жумалык маалыматтандыруу жыйынында террор менен күрөшүүгө байланыштуу акыркы сандар бөлүшүлдү. Буга караганда акыркы бир жумада 45 террорист, 2023 - жыл менен бирге 2 миң 287 террорист жок кылынды.
Жыйында Ирактын түндүгүндөгү Метина, Гара, Хакрук, Кандил жана Асостогу террордук буталарга карата 6 - январда аткарылган аба операциясы менен араларында жооптуу террористтер да болгон үңкүр, баш калкалоочу жерлер, кампалардан турган 15 бутанын жардырылгандыгы билдирилди.