Түркиядан Газага саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана медициналык буюмдар

Улуттук Коргоо министрлигине таандык учак Түркия убактысы боюнча саат 14.15те Египеттин Эль-Ариш аэропортуна учуп кетти.

2064863
Түркиядан Газага саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана медициналык буюмдар

Түркиядан Газага дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган, ичинде 9 саламаттыкты сактоо кызматкери бар аскерий учак Кайсери аэропортунан Египеттин Эль-Ариш аэропортуна жөнөдү.

Кайсери аэропортунда 23 үкөк дары-дармек жана медициналык буюмдар жүктөлгөн Улуттук Коргоо министрлигине таандык учак даярдыктар аяктагандан кийин арасында адис дарыгерлер жана медайымдар да болгон 9 саламаттыкты сактоо кызматкери менен Түркия убактысы боюнча саат 14.15те Египеттин Эль-Ариш аэропортуна учуп кетти.  

Медициналык топ Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен түзүлгөн пландардын алкагында жарадарларды дарылоодо иш алып барат.

Газага жеткирилиши үчүн ушул убакка чейин 10 учак менен 230 тонна гуманитардык жардамды Египетке жеткирген Түркия, аймакка медициналык кызматкерлерди да жиберди.

Түркиянын дары-дармек, медициналык шаймандар, 8 талаа ооруканасы, 20 тез жардам унаасы жана медициналык керектелүүчү буюмдар менен бирге 50 контейнер жана 660 тонна жардам ташыган кемеси да Эль Ариш портуна жеткен. 



Тектеш кабарлар