ТИКА Кубада жаңылаган неонаталдык сервисине "Түркия" аты берилди

Кубанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңыланган Эйсебио Эрнандес балдар ооруканасынын неонаталдык кызматына «Түркия» деген ат берди.

2062501
ТИКА  Кубада жаңылаган неонаталдык сервисине "Түркия" аты берилди

Кубада Түркия Республикасынын  100  жылдыгына карата эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыгынын туруктуу символу катары неонаталдык бөлүмүнө  "Түркия" аты берилди. 

Түрк кызматташтыгы жана Координация агенттиги башкармалыгы ТИКА тарабынан берилген маалыматка караганда Кубада болгон  «Иан» бороонунан кийин жабыркаган Эйсебио Эрнандес балдар ооруканасы ТИКА тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Кубанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңыланган Эйсебио Эрнандес балдар ооруканасынын неонаталдык кызматына «Түркия» деген ат берди.

Ооруканада өткөрүлгөн аземге Кубанын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Рейнол Гарсиа, Түркиянын Гаванадагы элчиси Вехби Эсгел Этенсел жана ТИКАнын өкүлдөрү катышты.

Министрдин орун басары Гарсиа сүйлөгөн сөзүндө Түркияга жана ТИКАга эң кыйын күндөрдө Кубанын жанында болгондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кубада төрөт учурундагы энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн санын азайтуу максатында, эң ири балдар ооруканасы Эйсебио Эрнандес балдар ооруканасында интенсивдүү терапия инкубаторлору, респираторлор жана трансфер инкубаторлору сыяктуу жогорку технологиялуу медициналык аппараттар өлкөдөгү ооруканага азем менен тапшырылды. 

 2022-жылдын август айында Кубада болгон  «Иан» бороонунан кийин өлкөнүн борбору Гавана менен батыштагы көптөгөн шаарларда электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, чыккан өрттөрдөн кийин Эйсебио Эрнандес балдар ооруканасынын аппараттары катуу жабыркаган.

 



Тектеш кабарлар