Саламаттыкты сактоо министри Израилдин тез жардам унааларына карата кол салууларын айыптады

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа  Израилдин Газада бейтап жана жаралууларды ташыган тез жардам унааларына карата кол салууларга каршы эл аралык коомчулукту аракетке өтүүгө чакырды.

2060197
Саламаттыкты сактоо министри  Израилдин тез жардам унааларына карата кол салууларын айыптады

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа  Израилдин Газада бейтап жана жаралууларды ташыган тез жардам унааларына карата кол салууларга каршы эл аралык коомчулукту аракетке өтүүгө чакырды. 

Кожа социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө Израилдин cаламаттыкты сактоо мекемелеринин бейтап жана жаралууларды ташыган тез жардам унааларына карата кол салууларына каршылык көрсөттү.

Ичинде бейтап жана жаралуулар болгон тез жардам унаалырынын кол салууга учурагандыгына көңүлдөрдү бурган Кожа буларды айтты : «Эл аралык коомчулуктун аракетке өтүшү үчүн дагы көп эмне болушу керек? Израилдин саламаттыкты сактоо мекемелерине, бейтап жана жаралууларды ташыган тез жардам унааларына карата адамгерчиликсиз кол салуулары уланууда. Бүгүн (Кечээ) абалы оор, Рефах чек ара капкасынан Египетке которулууну күтүп жаткан бейтаптар жана жаралуулар Шифа ооруканасынын алдында трансфер үчүн келген тез жардам унааларынын ичинде кол салууга учурашты.

Биз абалы оор болгон газалык боордоштрубузду дарыланышы үчүн өлкөбүзгө алып келүүгө даярбыз. Эл аралык коомчулуктун бул башаламан кол салууларды  тез арада токтотуу үчүн чара көрүшүн талап кылабыз»,-деди.

Газадагы Палестина Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин Шифа ооруканасынын кире беришин жана тез жардам унааларын бомбалоосунун натыйжасында 13 палестиналыктын каза болгонун, 26 палестиналыктын жараланганын жарыялады.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль - Кассам бригадалары Израилдин «Палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месжид -  и Аксага каршы тынымсыз эреже бузууларына жооп берет» деген негизде 7 – октябрь күнү  чабуул баштаган.  Израиль армиясы да Газа тилкесине абадан операция жүргүзүп, катуу бомбалоону баштады.

Чыңалуунун күчөшү менен эки тараптан тең жоң жоготуулар болду.



Тектеш кабарлар