Эрдоган: «Израиль туура 25 күндөн бери бүткүл дүйнөнүн көз алдында адамзатка каршы кылмыш кылууда»

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

2058529
Эрдоган: «Израиль туура 25 күндөн бери бүткүл дүйнөнүн көз алдында адамзатка каршы кылмыш кылууда»
erdoğan kabine.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Европа жана Американын шартсыз колдоосу менен Израилдин башкаруусу туура 25 күндөн бери бүткүл дүйнөнүн көз алдында адамзатка каршы кылмыш кылууда»,-деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Эрдоган сөзүндө Израилдин Палестинага кол салууларына токтолуп: «7-октябрдан бери газалык боордошторубуз чоң ырайымсыздыкка жана зулумдукка дуушар болууда. Европа менен Американын шартсыз колдоосун алган Израиль башкаруусу туура 25 күндөн бери бүткүл дүйнө жүзүнүн көз алдында адамзатка каршы кылмыш кылууда»,-деп айтты.

Рак менен ооругандарды дарылаган Түркия-Палестина достук ооруканасынын Израилдин жапайычылыгынын акыркы курмандыгы болгонун белгилеген Эрдоган: «Мамлекеттик акылын толугу менен жоготкондой көрүнгөн жана уюм сыяктуу иш кылган Израилдин тез арада токтотулушу керек деп эсептейбиз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Израилдин карапайым калкка түздөн-түз кол салууларынын натыйжасында ушул убакка чейин көбү ымыркай, балдар жана аялдар болгон 8500 палестиналык шейит болду. Газада кылынган согуш кылмыштарынын күнөөкөрлөрүн мыйзам алдында жоопко тартуу боюнча ишибиз уланууда»,-деп айтты.

Түркиянын кагылышуунун биринчи күнүнөн берки гумандуу, адилеттүү жана намыстуу мамилесинин бүгүн да уланып жатканын белгилеген Эрдоган: «25-күндү артка калтырган бул кыргынды токтотуу биздин башкы приоритетибиз. Бул үчүн ок атышпоо түзүлүп, андан соң туруктуу тынчтыкка жол ачылышы керек. Тиешелүү тараптардын катышуусу менен уюштурула турган «Палестина-Израиль эл аралык тынчтык конференциясы»  бул үчүн эң ылайыктуу платформа болоооруна ишенүүдөбүз»,-деди.

Аймактагы актерлор менен кызматташтыкта ​​жаңы коопсуздук механизмин түзүүнү зарыл көргөндөрүн жана бул кадам ташталса жоопкерчиликти алууга даяр экендиктерин айткан Эрдоган: «Европа өлкөлөрү баш болгон Батыш дүйнөсү Газадагы адамзаттын сыноосунан дагы бир жолу өтпөй калды»,- деди.

Эрдоган Түркиянын бир бөлүгү Газалыктарга жеткен жалпы жардам материалдарынын 213 тоннага жеткенин жарыялады.



Тектеш кабарлар