Террор менен күрөш уланууда

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2031717
Террор менен күрөш уланууда

Вандын Өзалп районунун айыл аймагында жүргүзүлгөн операцияда эки террорист жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликаянын социалдык медиа баракчасындагы билдирүүгө караганда, Өзалп айыл аймагында Коопсуздук башкы директорлугунун чалгындоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн чалгындоо иштеринин натыйжасында, Ван жандармерия коопсуздук корпусу командирлиги жана Ван полиция бөлүмүнүн жетекчилигинде Шейит лейтенант Харун Парлак операциясы жүргүзүлдү.

J-SİHA жана PIHA тарабынан колдоого алынган, жандармериянын атайын операция жана десанттары менен атайын полицияларынын катышуусунда жүргүзүлгөн операцияда 2 террорист таасирсиз кылынды.



Тектеш кабарлар