Яшар Гүлер: «Асыл улутту террор балээсинен куткаруу үчүн ынтызарлуу жана чечкиндүүбүз»

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер борбор шаар Анкарада басма сөзгө билдирүү жасады.

2023768
Яшар Гүлер: «Асыл улутту террор балээсинен куткаруу үчүн ынтызарлуу жана чечкиндүүбүз»

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, ким кандай колдоо көрсөтпөсүн асыл улутту террор балээсинен куткаруу үчүн ынтызарлуу жана чечкиндүү экендиктерин, бул үчүн керектүү күч-кубатка ээ экендиктерин айтты.

Министр Гүлер борбор шаар Анкарада басма сөзгө билдирүү жасады.

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карай жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясынын ийгиликтүү уланып жатканын баса белгилеген Гүлер:«Мехметчик (түрк аскери) бул аймактын чоң бөлүгүн тазалады»,-деди.

Гүлер аймакта издөө жана тинтүү иштеринин уланып жатканын, бардык үңкүрлөр менен баш калкалоочу жайлардын бир-бирден кирип иликтенгенин айтты.

Аларды күтүп жаткан акырдан кутула албасын билген террористтердин коркутуп ок атуу жана кол салууга аракет кылганына көңүл бурган Гүлер: «Тилекке каршы шейиттерибиз бар. Бул кол салууларга жана ок атууларга дароо жооп берилет. Мехметчик куралдаштарынын канын жерде калтырган жок жана мындан кийин да калтырбайт. Мындан эч ким күмөн санабашы керек»,-деп айтты.

Жакында бул аймакта багынып берген террористтердин сүрөттөрүн бөлүшүшкөндөрүн эске салган Гүлер:«Корбашчылары тарабынан өлүүгө калтырылган, үңкүрлөрдө ачкачылыктан ичегилери тешилген террористтер багынып берүүнү тандашат. Террористтердин жалгыз жолу Түркиянын адилеттүүлүгүнө багынып берүү экенин ар дайым айтабыз»,-деп айтты.

ПККнын корбашчыларынын 6-7 ай мурда багынып берүүнү каалагандарын, бирок батыштыктардын аларды кагылышууга мажбурлаганын моюнга алганын эске салган Гүлер:«Ошондой эле террорчуларга жана алар кызмат кылган кара чөйрөгө айтаарыбыз, кандай колдоо көрсөтпөсүн асыл улутту террор балээсинен куткаруу үчүн ынтызарлуу жана чечкиндүүбүз. Бул үчүн керектүү күч-кубатыбыз бар»,-деди.

Түркиянын Сирияда тынчтыкты каалап жатканын эске салган Гүлер мунун башталышы катары (Сирия режими менен) акырындык менен сүйлөшүүлөр болгонун айтып: «Түркия чын жүрөктөн тынчтыкты каалайт. Бирок бизде сезимталдыктар бар. Чек араларыбыздын жана элибиздин коопсуздугун камсыз кылбастан (Сириянын түндүгүнөн) чыгып кетүү ойго да келбейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар