Антальяга эң көп турист Орусия жана Германиядан келди

Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан шаардагы туризм активдүүлүгү уланууда.

2018921
Антальяга эң көп турист Орусия жана Германиядан келди

Антальяга 7 айда эң көп турист Орусия жана Германиядан келди.

Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан шаардагы туризм активдүүлүгү уланууда.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 1-январдан 31-июлга чейин Антальяга аба жолу менен келген чет элдик туристтердин саны 8 миллион 184 миң 89 болду. Бул туристтердин саны баардык убакыттын эң мыкты 7 айлык мезгили катары катталды.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 6 миллион 688 миң 513 туристти кабыл алган шаарда быйылкы турист санында 22 пайыздык өсүү болду.

Эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде болсо Орусия 1 миллион 853 миң 879 турист менен биринчи орунду алды. Орусиядан кийин 1 миллион 638 миң 603 турист менен Германия, 716 миң 991 турист менен Англия ээледи. Алдыңкы он орунда болсо Польша, Нидерландия, Казакстан, Румыния, Израиль, Чехия жана Украина турат.

Июль айында шаарга аба жолу аркылуу 2 миллион 660 миң 420 адам келди. Туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 11 пайызга өстү. Анталья аба жолу менен келген туристтердин саны боюнча бардык мезгилдердин эң мыкты июль көрсөткүчүнө жетти.



Тектеш кабарлар