Эрдоган Аббас жана Ханийе менен жолугушту

Президент Эрдогандын Түркияга расмий сапар менен келген Аббас жана Хенийе менен жолугушту.

2016426
Эрдоган Аббас жана Ханийе менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хенийе менен жолугушту.

Президент Эрдогандын Түркияга расмий сапар менен келген Аббас жана Хенийе менен Президенттик комплексте өткөргөн үч тараптуу жолугушуусу басма сөзгө жабык өттү.

Бир тараптан Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан президент Эрдогандын Палестинанын мамлекет башчысы Аббас жана Хамастын саясий бюросунун жетекчиси Хенийе менен жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жасалды.

Эрдогандын Аббас жана Хенийени Анкарада көрүүдөн кубангандыгын билдирген билдирүүдө, Эрдогандын Палестинанын түрк элинин жүрөгүндө өзгөчө орду бар экенин айтканы белгиленди.

Жолугушууда Эрдогандын ошондой эле Израиль коопсуздук күчтөрү жана отурукташуучулардын кол салууларынын натыйжасында шейит болгон палестиналыктарга Аллахтын ырайымына ээ болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалаганы белгиленген билдирүүдө:«Президентибиз Эрдоган Палестина элинин биримдигинин жана тилектештигинин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, палестиналыктардын ортосундагы бөлүнүүнүн тынчтык процессине доо кетирүүнү каалаган актерлордун кызыкчылыгына кызмат кылып жатканын белгиледи.

Президентибиз Эрдоган Газага коюлган блокаданы кабыл албай тургандарын белгилеп, Чыгыш Кудс жана Месжид-и Аксадагы абалды жакындан байкаганын баса белгиледи»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар