Йылмаз: «Түрк коргоо өнөр жай ишканаларынын дүйнөлүк базардагы үлүшү жана күчү күндөн-күнгө өсүүдө»

Вице-президент Жевдет Йылмаз Стамбулдагы TÜYAP жарманке жана конгресс борборунда өткөрүлгөн IDEF-2023 16-Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

2015978
Йылмаз: «Түрк коргоо өнөр жай ишканаларынын дүйнөлүк базардагы үлүшү жана күчү күндөн-күнгө өсүүдө»
idef fuari.jpg
cevdet yilmaz idef.jpg

Вице-президент Жевдет Йылмаз түрк коргоо өнөр жай ишканаларынын дүйнөлүк базардагы үлүшү жана күчү күндөн-күнгө өсүп жатканын айтты.

Стамбулдагы TÜYAP жарманке жана конгресс борборунда өткөрүлгөн IDEF-2023 16-Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинин ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Йылмаз Түркиянын коргоо өнөр жайы базарында маанилүү өндүрүүчү жана экспорттоочу өлкөгө айланганын баса белгиледи.

Йылмаз: «Түрк коргоо өнөр жай ишканаларынын дүйнөлүк базардагы үлүшү жана күчү күн санап өсүүдө. 2023-жылдын 6 айында экспорт көлөмүбүз 2,4 миллиард долларга жетти. 2023-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтүн 6 миллиард долларга чыгышын күтөбүз»,- деди.

Санап бүтө албаган коргоо өнөр жай долбоорлорун IDEFде көргөндө сыймыктангандарын айткан Йылмаз, IDEFде 650 фирма менен катышкан жеке сектордун жаңы техно демилгелери менен дүйнөгө үлгү боло турган долбоорлорго кол коюусун күткөндөрүн белгиледи.

IDEF 2023тө боло турган жолугушуулардын, түзүлө турган кызматташтыктын жана кол коюла турган келишимдердин пайдалуу болушун каалаган вице-президент протокол мүчөлөрү жана чет элдик коноктор менен бирге лентаны кесип, жарманкени ачып, үй-бүлөлүк сүрөткө да түштү.



Тектеш кабарлар