Ирактын түндүгүндө шейит

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2003658
Ирактын түндүгүндө шейит

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК террористтеринин ок атуусунун натыйжасында жараланган бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «15-июнда "Чеңгел" операциясы аймагында террористтер тарабынан атылган октон жараланып ооруканага жеткирилген баатыр куралдашыбыз, жөө аскер келишими боюнча катардагы жоокер Өзжан Кая дарыланып жаткан ооруканада бардык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албай бүгүн шейит болду»,-деп айтылды.


Этикеткалар: #Ирактын түндүгүндө

Тектеш кабарлар