Эрдоган: «Айыл чарба өндүрүшү боюнча Европада биринчибиз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Түркиянын айыл чарба палаталар биримдигинин кеңешүү кеңешинин жыйынына катышты.

2139516
Эрдоган: «Айыл чарба өндүрүшү боюнча Европада биринчибиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын айыл чарба өндүрүшү боюнча Европада лидер, дүйнөдө алдыңкы 10 өлкөнүн арасында экенин айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Түркиянын айыл чарба палаталар биримдигинин кеңешүү кеңешинин жыйынына катышты.

Демократия, экономика, мал чарбачылыгы, өндүрүш жагынан өлкөнү ойго келбеген деңгээлге жеткиргендерин баса белгилеген Эрдоган: «Биз өлкөбүздүн айыл чарба потенциалын алдыга чыгаруу үчүн гранттык колдоо көрсөттүк. Өндүрүштү өнүктүрүү үчүн айыл чарбаны колдодук. Өндүрүүчүлөрүбүздүн күжүрмөн эмгегинин негизинде агротокой тармагы акыркы 21 жылдын 16сында өсүшкө жетишти»,-деп айтты.

Айыл чарба өндүрүшү боюнча Европада лидер, дүйнөдө  алдыңкы 10 өлкөнүн арасында экендиктерин билдирген президент: «Фундук, инжир, алча жана өрүк өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орундабыз. Жашылча өндүрүүдө дүйнөдө 4-орунда, мөмө жемиш өндүрүүдө болсо 5-орундабыз. Экспортубузду 3,8 миллиард доллардан 31 миллиард долларга көтөрдүк. Акыркы 22 жылда талаа өсүмдүктөрүн өндүрүүнү 27 миллион тоннага жеткирдик»,-деди.

Президент Эрдоган Түркиянын 2023-жылы 212 өлкө жана аймакка 2200 түрдөгү айыл чарба продукциясын экспорттогонун маалымдады.



Тектеш кабарлар