Эрдоган Балкан өлкөлөрүнүн сүйүктүү лидери

Эл аралык Республикалык институт тарабынан Албания, Босния-Герцеговина, Черногория, Түндүк Македония, Сербия жана Косоводо «Батыш Балкан аймактык сурамжылоосу» уюштурулду.

2139634
Эрдоган Балкан өлкөлөрүнүн сүйүктүү лидери

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Батыш Балкан калкынын эң суктанган лидери экени аныкталды.

Эл аралык Республикалык институт тарабынан Албания, Босния-Герцеговина, Черногория, Түндүк Македония, Сербия жана Косоводо «Батыш Балкан аймактык сурамжылоосу» уюштурулду.

Сурамжылоодо сөз болуп жаткан өлкөнүн жарандарына көптөгөн маселелер боюнча ой-пикирлери менен катар «Дүйнөлүк жана регионалдык лидерлердин кимисине оң көз караштасыз?» деген суроо берилген.

Албанияда сурамжылоого катышкандардын 71 пайызы президент Эрдоган тууралуу оң пикирде экенин белгилесе, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден 64 пайыз менен экинчи, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 14 пайыз менен үчүнчү болду.

Босния-Герцеговинада ушул эле суроого жооп бергендердин 61 пайызы Эрдоган тууралуу оң ойлошсо, Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Байден жана Кытайдын төрагасы Си 37 пайызды түздү.

Черногорияда Эрдоган 56 пайыз менен биринчи, Путин 50 пайыз менен экинчи, Си Цзиньпин 46 пайыз менен үчүнчү болду.

Түндүк Македонияда Эрдоган 66 пайыз менен кайрадан эң көп суктанган лидер катары биринчи орунга чыкты, 49 пайыз менен Путин экинчи, 37 пайыз менен Байден үчүнчү жана 35 пайыз менен Си Цзиньпин орун алды.

Сербияда эң көп жактырылган лидердин 80 пайыз менен Путин экени байкалса, Си Цзиньпин 73 пайыз менен экинчи, президент Эрдоган 41 пайыз менен үчүнчү орунда.

Косоводо Байден 85 пайыз менен эң көп суктанган лидерлер тизмесинде биринчи, Эрдоган 82 пайыз менен экинчи орунга чыкты.

Сурамжылоого Албаниядан 1216, Босния-Герцеговинадан 1225, Түндүк Македониядан 1220, Черногориядан 1036, Сербиядан 1238 жана Косоводон 1203 киши катышты.



Тектеш кабарлар