Түркия Угандада мектепке жасалган кол салууну наалаттады

Уганданын Мпондве аймагындагы бир мектепке жасалган террордук кол салууда 38 окуучу, 41 кишинин каза болгондугу маалымдалган.

2000956
Түркия  Угандада  мектепке жасалган  кол салууну  наалаттады

Түркия Уганданын Мпондве аймагындагы бир мектепке жасалган террордук кол салууну наалаттады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Түркиянын кол салууда бир нече окуучунун каза болушунан улам кайгылангандыгын, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишинин каалангандыгы белгиленди.

Кол салуу наалаттанган билдирүүдө : «Терроризмдин бардык түрүнө каршы чечкиндүү күрөшкөн өлкөбүз бул кыйын күнүндө Уганда өкмөтү жана калкы менен тилектештик ичинде»,- деп билдирилди.

Уганданын Мпондве аймагындагы бир мектепке жасалган террордук кол салууда 38 окуучу, 41 кишинин каза болгондугу маалымдалган.



Тектеш кабарлар