Коммуникация башкармалыгы Цюрихтеги провокациялык аракеттерди айыптады

Коммуникация башкармалыгы, Цюрихте президент Эрдоганга каршы жасалган провокациялык аракеттерден улам социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2000420
Коммуникация башкармалыгы Цюрихтеги провокациялык аракеттерди айыптады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, Швейцариянын Цюрих шаарында президент Режеп Таййип Эрдоганга карата жасалган чагымчыл аракеттерге катуу каршылык көрсөттү.

Коммуникация башкармалыгы, Цюрихте президент Эрдоганга каршы (жикчил террордук уюм ПКК колдоочулары тарабынан жасалган) провокациялык аракеттерден улам социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Билдирүүдө президент Эрдоганды жана түрк желегин бутага алган ыплас аракеттер айыпталды. Кол салуунун эч кандай кабыл алынгыс экени баса белгиленди.

Швейцариядан окуяга байланыштуу дароо иликтөө иштери башталганы, кылмышкерлердин аныкталышы жана тез арада керектүү чаралардын көрүлүшү талабы коюлганы маалымдалды.

Билдирүүдө: «Тышкы иштер министрлигибиз менен бирге тийиштүү органдарыбыз окуяга көз салууну улантабыз. Швейцариянын мындай кол салууларга жана террордук уюмдардын кара үгүт иштерине жол бербешин күтөбүз»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар