ТКТРнын тышкы иштер министри Тахмин Эртугрулоглу Эрдогандын сапары тууралуу баа берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасы ТКТРнын тышкы иштер министри Тахмин Эртугрулоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын  биринчи өлкө тышы сапарын ТКТРга  жасашы румдарга карата абдан маанилүү жооп болгондугун айтты.

1999614
ТКТРнын тышкы иштер министри Тахмин Эртугрулоглу Эрдогандын сапары тууралуу баа берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасы ТКТРнын тышкы иштер министри Тахмин Эртугрулоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын  28 -  майда кайрадан президент болуп шайлангандан кийин биринчи өлкө тышы сапарын ТКТРга  жасашы румдарга карата абдан маанилүү жооп болгондугун айтты.

Эртугрулоглу президент Эрдогандын мурунку күнү ТКТРга жасаган сапары тууралуу баа берди.

Түштүк Кип Рум башкаруусунун дайыма  түрк тарабы жактаган эгемендүү жана тең укуктуу эл аралык статуска ээ 2 мамлекет тезисинен артка кадам таштоосун каалагандыгын жана Швейцариянын Кранс  - Монтана шаарында аяктаган федерацияга байланыштуу сүйлөшүүлөргө кайтууга чакыргандыгын эске салган Эртугрулоглу : «Урматтуу Эрдогандын шайлоодон кийин биринчи өлкө тышы сапарын ТКТРга жасашы румдарга карата абдан маанилүү жооп болду. Урматтуу Эрдогандын сапарында өткөргөн пресс  - жыйынында сүйлөшүүлөргө кайтуу шарты үчүн ТКТРны таануу шартын коюшу да румдарга катуу жооп болду. Булардын баары урматтуу Эрдогандын шайлоодо утуп чыгышынын канчалык негиздүү экенин көрсөтүүдө»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын шайлоодон утуп чыгып, президент болуп кайрадан шайлануусунун ТКТР үчүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде чечкиндүүлүктүн символу болгондугун айткан Эртугруоглу Эрдогандын лидерлигинде ата мекен Түркиянын глобалдык күч жана актер болуу процессинин улантыларын белгиледи.



Тектеш кабарлар