Түркия-Финляндия-Швеция-НАТО жыйыны

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.

1998820
Түркия-Финляндия-Швеция-НАТО жыйыны

Түркия, Финляндия жана Швециянын Туруктуу биргелешкен механизминин төртүнчү жыйыны борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда Түркия, Финляндия, Швеция жана НАТОнун делегациялары катыша турган, Үч тараптуу келишимге ылайык түзүлгөн Туруктуу биргелешкен механизмдин төртүнчү жыйыны президенттин башкы кеңешчиси элчи Акиф Чагатай Кылычтын жетекчилигинде 2023-жылдын 14-июнунда Президенттик комплексте өткөрүлөт.

Жыйынга НАТО делегациясынын төрагасы катары НАТОнун башкы катчысынын кабинет жетекчиси Стиан Йенсен, Швеция делегациясынын төрагасы катары Швециянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы элчи Ян Кнуцсон жана Финляндия делегациясынын төрагасы катары да Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин туруктуу мамлекеттик катчысы Юкка Саловаара катышат.

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берген Швеция жана Финляндия менен Түркиянын ортосунда 28-июнда Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитинде Түркиянын тынчсызданууларынын чечилиши үчүн үч тараптуу меморандумга кол коюлган.

Түркия, тынчсызданууларын жойгон Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн бекитип, терроризмди колдогон Швецияга вето коюуда.



Тектеш кабарлар