Илхам Алиев Эрдоганды расмий азем менен тосуп алды

Жекеме  - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин Эрдоган менен Алиев биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүшөт.

1999003
Илхам Алиев Эрдоганды расмий азем менен тосуп алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган кайра шайлангандан кийин сапар менен барган Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Эрдогандын сапарынан улам борбор шаар Бакудагы Жаштар сарайында расмий азем өткөрүлдү.

Эрдоган менен Алиев азем аянтында орун алгандан кийин эки өлкөнүн гимндери аткарылды.

Алиев менен параддын күзөтүн көзөмөлдөгөн Эрдоган аскерлерге салам берди. 

Аземдин акырында  делегациялар тааныштырылгандан кийин  эки лидер жекеме  - жеке сүйлөшүүгө өтүштү.

Жекеме  - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин Эрдоган менен Алиев биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүшөт.

 



Тектеш кабарлар