Түркия The Economist журналына каршылык көрсөттү

Мевлүт Чавушоглу Англиянын The Economist журналынын Түркиядагы шайлоону бутага алган билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

1983088
Түркия   The Economist журналына каршылык көрсөттү
bekir bozdag.jpg
omer celik.jpg
altun.jpg
cavusoglu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Англиянын The Economist журналынын Түркиядагы шайлоону бутага алган билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

The Economist гезитинин кийинки санында басыла турган макаласы бар экенин белгилеген Чавушоглу: «Макаламды кайра алып жатам. Түркиянын ички иштерине кийлигишкендер менен эч кандай ишибиз жок»,- деди.

Антальянын Аланья районунда жасаган билдирүүсүндө : «Булар түрк улутунун атынан чечим чыгарып жатышат же түрк улутуна акыл бергенге аракет кылышууда»,- деген Чавушоглу  : «Бүгүн Түркия болбосо Европанын коопсуздугу коркунучта. Эмне себептен бир өлкөнүн ички саясатына кийлгишип жатасыңар? Эмне себептен Германия Жогорку Шайлоо Комиссиясынын уруксат алуу менен курган үкөктөрдүн ачылышына уруксат берген жок? Булардын баары кийлигишүүгө аракет  кылып жатышат»,- деди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да соцтармактан берген билдирүүсүндө Батыш медиасынын Түркияга карата мамилесине каршылык көрсөттү.

Алтун : Түркиянын жогорулашын токтотууну кыялдангандар бар болсо аларга бул кыялынан баш тартууларын сунуш кылабыз. Бул улуу улут Түркиянын душмандарын кубандырган жок, кубандырбайт»,- деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик да The Economist журналынын Түркиядагы шайлоолор тууралуу мукабасына каршылык көрсөтүп :  «Батыштын журнал жана гезиттери дагы бир жолу Түркиядагы саясий процесстерге таасирин тийгизүү үчүн мобилизацияланды. Ушул кезге чейин эч бир темада таасири болбогону көп жолу көрүлдү. Дагы ошол эле абал менен беттешишет»,- деди.



Тектеш кабарлар