Түркия-Орусия-Украина жыйыны

Ибрахим Калын борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1982274
Түркия-Орусия-Украина жыйыны

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, 5-майда Стамбулда өткөрүлө турган Түркия-Орусия-Украина жыйыны оң салым кошпосо, дан ташуулардын 18-майда токтошу мүмкүн экенин айтты. 

Ибрахим Калын борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

5-майда Стамбулда боло турган Түркия-Украина-Орусия жыйынына баа берген Калын, дан ташуу келишиминин мөөнөтүнүн 18-майда аяктай турганын эске салды. 

Калын: «5-майда өткөрүлө турган жыйналыш абдан маанилүү. Себеби оң салым кошпосо дан ташуулар 18-майда токтоп калышы мүмкүн. Азык-түлүк ташууларда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө келишимдин мөөнөтүн узартуу темасын талкуулаганын белгилеген Калын, Путиндин Түркиянын оң ролуна басым жасап бул темада конструктивдүү болууга аракет кыла тургандарын айтканын билдирди.



Тектеш кабарлар