Эрдоган Хатайда пайдубал түптөө аземине катышты

Президент Эрдоган Хатайдын Искендерун районундагы Жер титирөөгө чыдамдуу турак жайлар жана жаңы мамлекеттик ооруканалардын пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

1964805
Эрдоган Хатайда пайдубал түптөө аземине катышты
Erdoğan Hatay İskenderun.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бардык кесепеттер жоюлуп, кыйраган бадык нерсе жакшылары менен кайра курулуп алмаштырылмайынча жер титирөө болгон аймактан кетпей тургандарын айтты.

Президент Эрдоган 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн катуу таасир алган Хатайдын Искендерун районундагы Жер титирөөгө чыдамдуу турак жайлар жана жаңы мамлекеттик ооруканалардын пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, жер титирөөлөрдөн кийин болжол менен 1,5 айдын ичинде издөө-куткаруу иштери аяктаган, урандыларды чыгаруу иштери ылдам уланган, убактылуу баш калкалоочу жайлар кеңейтилген, туруктуу турак жайлар курула баштаган мезгилге киргендерин түшүндүрдү.

Кечээ Кахраманмарашта, бүгүн Хатайда болгондорун белгилеген Эрдоган, жер титирөөлөрдөн зыян тарткан башка шаарларга да бара тургандарын билдирип: "Бардык кесепеттер жоюлмайынча, кыйраган бадык нерсе жакшылары менен кайра курулуп алмаштырылмайынча биз бул жерден кетпейбиз",-деди.

Президент, Хатайда бүгүн пайдубалын түптөй турган 3 миң 122 үйдүн курулушу менен бирге жер титирөөдөн зыян тарткан 11 облуста 22 миң 467 үйдүн курулушунун башталганын айтты.

Андан соң 400 орундуу Антакья мамлекеттик ооруканасы, 600 орундуу Искендерун мамлекеттик ооруканасы, 200 орундуу чукул абал ооруканасы жана 300 орундуу Дефне мамлекеттик ооруканасынын жана турак жайлардын пайдубалы бир убакта түптөлдү.



Тектеш кабарлар