Көптөгөн өлкөлөр Түркияга жардамдарын улантууда

Очогу Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр болгон.

1944231
Көптөгөн өлкөлөр Түркияга жардамдарын улантууда

10 облуска таасирин тийгизген 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн улам көптөгөн өлкөлөр Түркияга жардамдарын улантууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркиядагы жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн орусиялык топтордун санын көбөйтүүнү тапшырды. Кечээ Орусиядан Түркияга жөнөтүлгөн 50 кишилик бригада жана дагы 11 дарыгер менен бирге Түркияга жөнөтүлгөн орусиялык адистердин саны 150дөн ашты.

Грузия да Түркияга дагы 40 кишилик издөө-куткаруу тобун жөнөттү. Топтун 60 кишиден турган жана Адыяманда иштеп жаткан биринчи топ менен чогуу издөө-куткаруу иштерин уланта турганы белгиленди.

Түркияга издөө-куткаруу тобун жөнөткөн Азербайжан жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн өлкөнүн ооруканаларында 2 миң керебет бөлгөндөрүн билдирди.

Абадан жардам коридорунун алкагында Түркияга шашылыш жардамдарды ташыган биринчи учагын жөнөткөн Ирак өкмөтү, Түркия жана Сирияга күн сайын эки жардам учагынын жибериле турганын кабарлады.

Жер титирөө апаттары боюнча адистешкен кызматкерлерин Түркияга жөнөткөн Германия да, аймакка чатыр, уктоочу баштык, жууркан, лагерь керебеттери, жылыткычтар жана генераторлор болгон 80 тонна жардамдын ташыла турганын билдирди.

Борбордук Америка өлкөсү Эл-Сальвадор, Түркияга 100дөн ашуун издөө-куткаруу кызматкерлери менен куткаруучу иттерди жөнөтсө, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (ТКТР) жер титирөөдөн жабыркаган аймактагы издөө-куткаруу иштеринде колдонула турган 100 экскаватор жана жүк ташуучу унаа жолго чыкты.

Түркияга эки башка издөө-куткаруу тобун жиберген Греция, 5 учак менен гуманитардык жардам жөнөтүүнү чечти.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио, Түркияга куткаруу топторун жөнөткөндөрүн эске салып, жергиликтүү калктын муктаждыктарына жараша керектүү жардамдарды арттыра тургандарын айтты.

Түштүк Африканын бейөкмөт уюмдары Hope SA Фонду жана Gift of Giversтин ыктыярдуу саламаттык сактоо топтору да очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Түркияга жол тартты.

Ливия да жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга колдоо көрсөтүү үчүн Түркияга гуманитардык жардам материалдарынын жөнөтүлгөнүн билдирди.

Буга чейин 100 кишилик куткаруу тобу менен гуманитардык жардам жөнөткөн Өзбекстан болсо, Түркияга көчмө оорукана курулуусу үчүн 71 кишилик жабдык жана медициналык топ жөнөттү.

Бириккен Араб Эмирликтери 11 аскердик жүк ташуучу учак менен издөө-куткаруу, медициналык топторду жана генератор сыяктуу жабдыктарды Түркияга жөнөтүп, 2 көчмө оорукананын курулуусу үчүн да аракет кылууда.

Индиядан 200дөн ашуун издөө-куткаруу кызматкерлери Газиантепте иштеп жатканда, Индия армиясы да Хатайда бир көчмө оорукана курду.

Тайвандын лидери Цай Инг-вэн жана жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын, 10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөдөн кийин жүргүзүлгөн апаат иштерине колдоо көрсөтүү үчүн кайрымдуулук кыла турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар