Түркияга дүйнө жүзүнөн көңүл айтуу билдирүүлөрү келип жатат...

Кахраманмараштагы 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин өлкө лидерлеринин президент Режеп Таййип Эрдоганга билдирүүлөрү келүүдө.

1943511
Түркияга дүйнө жүзүнөн көңүл айтуу билдирүүлөрү келип жатат...

Кахраманмараштагы 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин өлкө лидерлеринин президент Режеп Таййип Эрдоганга билдирүүлөрү келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров президент Эрдоганга телефон аркылуу байланышып, жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтып, жакындарына сабыр, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.

Кыргызстан боордош Түркия менен ушул кыйын учурда бирге экенин белгилеген Жапаров, жөнөтүлгөн издөө-куткаруу топторуна кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун да президент Эрдоганга телефон чалып, жер титирөөлөрдөн каза болгондор үчүн көңүл айтты жана колдоо көрсөттү.

Түркия калкынын башына түшкөн бул апаатты жеңүү үчүн Алжирдин «Бир тууган Түркиянын» жанында болгонуна көңүл бурган Теббун, өлкөсүнүн Түркия менен толук тилектештик ичинде ар кандай жардамды берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, жер титирөөдөн улам президент Эрдоганга телефон аркылуу байланышка чыккан Германиянын канцлери Олаф Шольц, Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак, Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалашты.

Англиянын королу Чарльз көңүл айтуу билдирүүсүндө жубайы менен бирге Түркиядагы жер титирөө кабарына терең кайгырганын белгиледи.

Чарльз өз билдирүүсүндө: «Мен жакындарын жоготкондордун үй-бүлөлөрүнө терең жана чын жүрөктөн көңүл айтуубузду айткым келди. Биздин ойлорубуз жана тиленүүлөрүбүз бул коркунучтуу табигый кырсыктан жапа чеккендер, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар кызматы жана куткаруу иштерине жардам бергендер менен бирге»,-деп айтты.

Африка өлкөлөрүнөн да жер титирөөлөр үчүн көңүл айтуу жана колдоо билдирүүлөрү келип жатат.

Судандын Эгемендик кеңешинин төрагасы жана армиянын командири, генерал Абдулфеттах аль-Бурхан, Чаддын президенти Мохаммед Идрис Деби Итно, Уганданын президенти Йовери Мусевени, Конго Республикасынын президенти Денис Сассу Н’Гессо, Түштүк Судандын тышкы иштери жана эл аралык кызматташтык министри Майик Айии Денг, Чаддын тышкы иштер министри Махмуд Али Юсуф жана Мавританиянын Тышкы иштер министрлиги да жер титирөөдө каза болгондорго көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалашты.



Тектеш кабарлар