Маданият инсандары Түркияга көңүл айтышууда

Болливуддун атактуу жылдыздарынын бири Алиа Бхатт Түркиядагы жер титирөө тууралуу кабарды бөлүшүп : «Жүрөк ооруткан кабар»,- деп жазды

1943712
Маданият инсандары Түркияга көңүл айтышууда

Маданият жана искусстводо белгилүү ысымдар эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн кийин соцтармактан Түркияга көңүл айтууну улантышууда.

Австралиялык актёр Хью Жекман БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ тарабынан жер титирөөдөн жабыркаган балдар үчүн башталган жардам кампаниясына колдоо көрсөттү. ЮНИСЕФтин кайрымдуулук кампаниясынын шилтемесин өзүнүн Instagram аккаунтунда бөлүшкөн Жекман постуна төмөнкүлөрдү кошумчалады : "Жүрөгүм Түркия жана Сириядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандар менен. Сирия жана Түркиядагы балдарга  жардам берүү үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз".

Америкалык ырчы жана актриса Деми Ловато 145 миллион катталуучусу бар инстаграмм баракчасында жер титирөөдөн жабыркагандарга кантип жардам берүү керектиги тууралуу маалыматты бөлүшүп : «Жүрөгүм жабыркагандар жана жер титирөөдөн таасирленгендер менен»,- деп билдирди.

Америкалык актриса Женнифер Гарнер Британиядагы Save The Children уюмунун Түркия жана Сирия үчүн баштаган кайрымдуулук кампаниясын бөлүшүп : «Эгер Түркия жана Сириядагы үй - бүлөлөргө жардам берүүнүн жолдорун издеп жатсаңыз, Save The Children уюмунун гуманитардык жардам иш - аракетин эске алыңыз»,- деп билдирди.

Португалиялык фадо музыкасынын өнөрпозу Мариза Инстаграм эсебинен Түркиядагы жер титирөөдөн улам жардам көрсөтүү кампаниялары тууралуу маалымат берди.

Болливуддун атактуу жылдыздарынын бири Алиа Бхатт Түркиядагы жер титирөө тууралуу кабарды бөлүшүп : «Жүрөк ооруткан кабар»,- деп жазды.

Иран тектүү америкалык актриса Шохрех Агдашлоо кайгысын төмөнкү сөздөр менен билдирди : "Түркиядан жана Сириядан миңдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган жер титирөө тууралуу кабарды укканда абдан кайгырдым. Жалгыз  эмес экендерин билиши керек. Дүйнөнүн төрт тарабынан жардам келип жатат, анткени адамзат дагы деле тирүү. Жүрөгүм баары менен бирге".

Индия тектүү британиялык актёр жана куудул Аасиф Мандви да Аданада тартылган урандынын сүрөтүн катталуучулары менен бөлүштү.

 



Тектеш кабарлар