Чавушоглу  Стамбулда Түркия жаштар фондунун «Жаш дипломаттар академиясы" программасына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Ыйык китебибиз Куран Каримге жасалган кол салуу үчүн сөз эркиндиги же кош стандарт деген мүнөздөмө жетерсиз»,- деди

1939030
Чавушоглу  Стамбулда Түркия жаштар фондунун «Жаш дипломаттар академиясы" программасына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Ыйык китебибиз Куран Каримге жасалган кол салуу үчүн сөз эркиндиги же кош стандарт деген мүнөздөмө жетерсиз»,- деди.  

Чавушоглу  Стамбулда Түркия жаштар фондунун «Жаш дипломаттар академиясы» долбоорунун негизинде «Демилгечи жана гуманитардык тышкы саясат» деген программада сөз сүйлөдү.

Чавушоглу : «Швеция, Нидерландия, Данияда, батышта эмнелердин болуп жаткандыгын көрүп жатасыңар. Бул жийиркеничтүүү аракеттерге  сөз эркиндигинин негизинде баа берүү туура эмес. Башка ишеничтерге келгенде кылмыш болбойт бирок биздин улуу динибиз исламга, ыйык китебибиз Куран Каримге  келгенде сөз эркиндиги. Бул адепсиздик жана абийирсиздик болуп саналат. Муну кош стандарт катары мүнөздөө жетишсиз”,-деди.

Чавушоглу Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган кол салуу тууралуу : «Ар дайым айтып жатабыз, жан Азербайжан эч качан, эч бир жерде жалгыз эмес»,- деди.

Акыркы убактарда Азербайжан миссияларына карата террордук кол салуулардын болгондугун белгилеген Чавушоглу : «Парижде эки кол салуу болду. Ошондой эле Ливанда бир кол салуу болду. Булар ал жердеги радикал армяндар тарабынан жасалган кол салуулар. Лондондо оадикал бир группа Азербайжан элчилигине кирди жана акыркы учурда Транда элчиликке карата террордук кол салуу болду»,- деди.

Сөз болуп жаткан кол салуулардын такталышы керектигин жана Иран менен Азербайжандын ортосунда чын ыкластуу кызматташтыктын болушу керектигин белгилеген Чавушоглу : «Коңшубуз Ирандан күтүүбүз бул террордук кол салуунун аркасында ки бар, бул киши эмнеге кол салды, бул темаларда ачык түрдө Азербайжан менен маалымат бөлүшүшү керек. Буга чоң маани беребиз. Бир тараптан албетте бул террордук кол салууну аткарган киш же аркасындагы кишилер, топтор жоопко тартылышы керек».

 

 

 

 



Тектеш кабарлар