Эрдоган "Ар - Ге жана инновациялык кадам" координация жыйынында сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган 2053 - жылга чейин ресурстарды эффективдүү пайдалануу, изилдөө жана өнүктүрүү (Ар Ге) инновациялык иш - чараларды колдоо менен эмиссияны нөлгө түшүрүүнү максат кылгандарын белгиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 2053 - жылга чейин ресурстарды эффективдүү пайдалануу, изилдөө жана өнүктүрүү (Ар Ге) инновациялык иш - чараларды колдоо менен эмиссияны нөлгө түшүрүүнү максат кылгандарын белгиледи.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Максат 2053 нөл эмиссия "Ар - Ге жана инновациялык кадам" координация жыйынында сөз сүйлөдү.
Жалпы өлкөдө Жжшыл өнүгүү демилгелерин турмушка ашыра баштагандарын белгилеген Эрдоган : "Ресурстарыбызды натыйжалуу пайдалануу, Ар - Ге жана инновациялык иш-чараларды колдоо менен 2053-жылга таза нөлдүк эмиссия максатыбызга карай жолубузду улантабыз",- деди.
Илим жана технология тармагында гана максаттарына жетпестен, көп тармакта чектен ашкандарын баса белгилеген Эрдоган : «Илим менен технологиянын локомотиви болгон коргонуу өнөр жайындагы ийгилигибиз мунун эң маанилүү далили»,- деди.
Илим жана технологиядагы жетишкендиктер менен Түркия кылымына күчтүү киришкендерин айткан Эрдоган: "Саясаттан экономикага, социалдык тармактан технологияга чейин бардык темаларда чокуга жетүүнү максат кылып жатабыз",- деди.
Колдорунда болгон каражаттарды жана ресурстарды бүткүл адамзаттын кызматына сунуу түшүнүгү менен аракет кыла тургандарын баса белгилеген президент : "Биз муну Ковид-19 эпидемиясында жасаган иштерибиз, Россия - Украина согушу учурундагы позициябыз жана өзгөчө дан коридорундагы оң жылыштарыбыз менен далилдедик" ,- деди.