Кара деңиз дан коридорунда ташылган жүктүн көлөмү 15 миллион тоннадан ашты

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу «дан коридорунда» ташылган жүктүн көлөмү тууралуу жазуу түрүндөгү маалымат берди.

1923393
Кара деңиз дан коридорунда ташылган жүктүн көлөмү 15 миллион тоннадан ашты

Кара деңиз дан коридорунда ташылган жүктүн көлөмү 15 миллион тоннадан ашты.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу «дан коридорунда» ташылган жүктүн көлөмү тууралуу жазуу түрүндөгү маалымат берди.

Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштан кийин дан кризиси болгонун эске салган Караисмаилоглу төмөнкү маалыматтарды бөлүштү: «1-августтан 25-декабрга чейин Украинанын Одесса, Чорноморск жана Южный портторунан жалпысынан 585 кеме жөнөп кетти. Ташып өткөн жүктүн жалпы көлөмү 15 миллион 80 миң тоннадан ашты. Кемелер менен арпа, буудай, соя, күн карама уну, буудай кебеги, буурчак, күн карама уруктары, кайра иштетилген аралаш тамак-аш, кант кызылчасы, күн карама майы, рапс үрөнү, жүгөрү жана соя майынан турган 13 түрдүү жүк ташылды».

Караисмаилоглу 585 кеменин 200үнүн түрк желегин тагынган, ээлик кылган же иштетилген кеме экенин айтып: «Жалпы жүктүн 15 пайызы өлкөбүзгө келди. Жүктүн 12 пайызы Африкага, 29 пайызы Азияга, 44 пайызы Европага ташылды. Эң көп жүк 2 миллион 891 миң 117 тонна менен Испанияга ташылды. Испаниядан кийин 2 миллион 247 миң 564 тонна менен Түркия жана 2 миллион 162 миң 210 тонна менен Кытай турат»,-деди.



Тектеш кабарлар