Түркия – Грузия - Азербайжан коргоо министрлеринин жыйыны

Түркия – Грузия - Азербайжан коргоо министрлеринин тогузунчу жолугушуусу Акардын кичи мекени Кайсериде өткөрүлөт.

1921442
Түркия – Грузия - Азербайжан коргоо министрлеринин жыйыны

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кайсериде боло турган Түркия – Грузия - Азербайжан коргоо министрлеринин жыйынында Азербайжан жана Грузиянын коргоо министрлери менен жолугушат.

Түркия – Грузия - Азербайжан коргоо министрлеринин тогузунчу жолугушуусу Акардын кичи мекени Кайсериде өткөрүлөт.

Акар эки күндүк жыйындын алкагында Грузиянын коргоо министри Хуаншер Бурчуладзе жана Азербайжандын коргоо министри, генерал Закир Хасанов менен эки тараптуу жана үч тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушууда өзгөчө Грузия, Азербайжан жана Түркияда аймактын тынчтыгы, ырааттуулугу жана келечеги үчүн жасала турган иштердин каралышы күтүлүүдө.

Буга чейинки үч тараптуу жолугушуу Грузиянын Телавинин Цинандали аймагында өткөн жылдын октябрь айында өткөн.



Тектеш кабарлар