Фахреттин Алтун : "Түркия глобалдык актер"

Алтун Стамбулда уюштурулганТүркия улутунун брендинг форумунда сөз сүйлөдү.

1919774
Фахреттин Алтун : "Түркия глобалдык актер"

 Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын глобалдык кризистердин чечилиши үчүн көтөргөн демилгелери менен баатыр экендигин айтты.

Алтун Стамбулда уюштурулган Түркия улутунун брендинг форумунда сөз сүйлөдү.

Жалпы дүйнөнүн жаңы бир тартип муктаждыгы айтылып жаткан кыйын бир процесстен өтүлүп жаткандыгын баса белгилеген Алтун : «Глобалдык кыйынчылыктардан ийгиликтүү өткөн Түркия аймактык кризистердин жана глобалдык кагылышуулардын чечилишине да салым кошууда. Түркия принциптүү тышкы саясаты менен глобалдык тынчтык жана ырааттуулук үчүн борбордук өлкө позициясына ээ болду. Дипломатиядан гуманитардык жардамга, саламаттыкты сактоодон экологияга чейин курган Түркия моделдери бүгүн дүйнөгө үлгү болууда. Түркия инвестициядан соодага, саламаттыкты сактоодон билимге, туруктуу энергиядан технологияга жана инновацияга, гуманитардык дипломатиядан тынчтык үчүн ортомчулук аракеттерине чейин бардык тармактарда күчтүү кадамдарды таштаган аймактык күч жана глобалдык актер»,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы : «Түркия глобалдык кризистердин чечилиши үчүн көтөргөн демилгелери менен бир баатыр. Түркия эзилгендер тарабында, залимге каршы. Түркия адамзатка кызмат кылган баалуулуктардын коргоочусу».



Тектеш кабарлар