Мевлүт Чавушоглу Түркия – Азербайжан - Түркмөнстан тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк дүйнөсү ичинде карым  - катнаштарды Түрк мамлекеттери уюму (TМУ) менен да эки тараптуу, үч тараптуу жана төрт тараптуу механизмдер менен бекемдегендерин айтты.

1918459
Мевлүт Чавушоглу  Түркия – Азербайжан - Түркмөнстан тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү
cavusoglu turkmenistan1.jpg
cavusoglu turkmenistan.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк дүйнөсү ичинде карым  - катнаштарды Түрк мамлекеттери уюму (TМУ) менен да эки тараптуу, үч тараптуу жана төрт тараптуу механизмдер менен бекемдегендерин айтты.

Чавушоглу Түркмөнстандын Аваза шаарында өткөн «Аваза саммитинен» мурда өткөрүлгөн Түркия – Азербайжан - Түркмөнстан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.

Үч боордош өлкөнүн тышкы иштер министри катары чогуу болуудан кубанычтуу экендигин белгилеген министр Чавушоглу үч өлкөнүн энергетика жана транспорт министрлеринин да өз  - өзүнчө үч тараптуу жыйындарды өткөрүшкөндөрүн айтты. Чавушоглу: «Орток маданий мурасыбыз, орток тилибиз жана динибиз, тарыхыбыз бизди бириктирип турат»,-деди.

Түрк дүйнөсүнүн ичиндеги карым - катнаштарды Түрк мамлекеттери уюму (TМУ) менен да эки тараптуу, үчтүк жана төрттүк механизмдер менен күчтөндүргөндөрүн баса белгилеген Чавушоглу : «Бүгүн өткөн министрлер жыйындары жана эртеңки лидерлер саммити менен соода, энергетика, транспорт, экономика, бажы, билим берүү, илим жана маданият тармактарында так кадамдарды таштайбыз. Өлкөлөрүбүздүн  ортосундагы мал  - мүлк, тейлөө жана жумушчу күчүн жүгүртүүнү жеңилдетүү үчүн ишибизди улантабыз. Ушундайча  аймактык бейкуттук жана коопсуздукка да маанилүү салым кошобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар