Кожа: «Инфекциялар эми «атамекендик өндүрүш комплекти» аркылуу аныкталат»

Фахреттин Кожа борбор шаар Анкарада журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, ата мекендик өндүрүштүн сыноо комплектисинин чоо-жайын түшүндүрдү.

1912546
Кожа: «Инфекциялар эми «атамекендик өндүрүш комплекти» аркылуу аныкталат»

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары эми «атамекендик өндүрүш комплекти» аркылуу аныктала турганын айтты.

Фахреттин Кожа борбор шаар Анкарада журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, ата мекендик өндүрүштүн сыноо комплектисинин чоо-жайын түшүндүрдү.

Бир комплект аркылуу 4 башка вирустун текшериле турганын белгилеген Кожа: «Бир комплект менен грипп А, В, COVID-19 жана RSV (Респиратордук синцитиалдык вирус) бир эле учурда текшерилет. Эми жогорку дем алуу жолдорунун инфекциясы болгондо, анын кайсынысынан экенин атамекендик өндүрүш комплекти менен билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Ал бир айдын ичинде ишке киргизилсе керек, тиешелүү ооруканаларда колдонулат»,-деп айтты.

Министр Кожа Түркияда коронавирустун жаңы түрлөрүнүн саны 3 миңге жакын экенин билдирип: «Алдыдагы мезгилде чоң өсүш болбойт деп ойлойм»,-деди.

Кожа Кытайда колдонулган катуу карантиндик эрежелердин Түркия үчүн сөз болушу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар