Эрдоган Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү

Нетаньяху президент Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып, Стамбулдагы террордук кол салуудан улам көңүл айтты.

1907635
Эрдоган Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилде өкмөттү куруу милдети жүктөлгөн Ликуд партиясынын төрагасы Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Израилде өкмөттү куруу милдети жүктөлгөн Биньямин Нетаньяху президент Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып, Стамбулдагы террордук кол салуудан улам көңүл айтты.

Биньямин Нетаньяху ошондой эле Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосундагы ортомчулук аракеттеринин дүйнө үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Президент Эрдоган болсо Биньямин Нетаньяхуга көңүл айтканы үчүн ыраазычылык билдирип, Батыш Шериада эки күн мурда болгон (3 израилдиктин өлүмү менен аяктаган) окуяга да капа болгондорун маалымдады.

Президент Эрдоган Израилдеги шайлоонун жыйынтыгынын өлкө жана аймак үчүн пайдалуу болушун каалады.

Түркия менен Израилдин алакаларында эки тараптын тең күчтүү эрки менен жаңы доорго киргендерин белгилеген президент Эрдоган, өз ара кызыкчылыктардын негизинде сезимталдыкты урматтоо менен мамилелерди улантуу жана туруктуу пайдубалда бекемдөөнүн жалпы кызыкчылыкка жооп берерин билдирди.



Тектеш кабарлар