Вице - президент Фуат Октай Бакуда

Вице  - президент Фуат Октай Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

1902260
Вице  - президент Фуат Октай Бакуда

 

Октай жана Алиев борбор шаар Бакуда Загулба сарайындагы жолугушууда экономика башта болгон бардык тармактарда эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги карым  - катнаштарды талкуулашты.

Вице  - президент Октай жолугушуудан кийин Азербайжандын вице  - премьер  - министри Али Ахмедов жана коштоосундагы делегация менен Азербайжандын улуттук лидери Гейдер Алиевдин кабырына барып гүл чамбар койду.

Түрк жана Азербайжан  шейиттиктерин да зыярат кылган Октай шейит мүрзөлөрүнө гвоздика таштап, дуба кылды.

Октай Баку түрк шейиттигиндеги эстеликке гүл чамбар койгондон кийин бул жердеги «Шейиттик дептерине» буларды жазды : «Бул бейиш жери үчүн жанын берген шейиттер Азербайжандын көз карандысыздыгы үчүн бир кылым мурда көрсөткөн чечкиндүүлүк менен түрк дүйнөсүнүн келечегине да үмүт болдуңуздар.

Сиздердин ыйык күрөшүңүздөр бүгүн эзелки Азербайжан жерлеринин бейпилдиги, тынчтыгы үчүн күрөшкөн  миңдеген баатырыбыздын да жол көрсөткүчү. Амантыңыздар ишенимдүү колдордо.

Бакунун бошотулушунун 104 -  жылында араңыздарда болуудан бактылуубуз. Түркия Республикасынын жана түрк улутунун сүйүүсүн, боордоштук сезимин дагы бир жолу тартуулаймын.

Бир улут эки мамлекет урааны менен Түркия  -  Азербайжан бир туугандыгы түбөлүк жашоосун улантат».



Тектеш кабарлар