"Astoria Grande" аттуу круиздик кеме Амасрада

Кемеде 790 жүргүнчү жана 440 кишилик экипаж мүчөсү бар.

2142913
"Astoria Grande" аттуу круиздик кеме Амасрада

Орусиянын Сочи шаарынан жолго чыккан "Astoria Grande" аттуу круиздик кеме Амасра портуна токтоду.

790 жүргүнчү жана 440 кишилик экипажы бар кемени жетекчилер жаратылышы жана деңизи менен атактуу туристтик шаар Амасра районунда тосуп алышты.

Порттун чыга беришинде туристтерге орус тилиндеги брошюралар берилди.

Туристтердин бир бөлүгү Амасра музейи, Чекижилер базары, Чоң порт, Амасра сепили жана Кемере көпүрөсүндө убакыт өткөрүүнү тандаса, кээ бирлери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый үйлөрү менен белгилүү Карабүктүн Сафранболу районуна барышты.

Айрым туристтер да райондогу сувенир дүкөндөрүнөн соода кылышты.

Кеменин кечинде Самсунга багыт ала турганы белгилүү болду.

Багама желектүү узундугу 277 метр, туурасы 42 метр болгон "Resilient Lady" аттуу круиздик кеме да 2355 жүргүнчү менен Мугланын Бодрум районуна келди.



Тектеш кабарлар