Евробиримдиктин комиссары Түркияга келет
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Европа Биримдигинин Коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелинин 22-23-майда Түркияга расмий сапар жасай турганы айтылды.
2142727
![Евробиримдиктин комиссары Түркияга келет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f1ab/1b3f/6720/664d9ee483bea.jpg?time=1718756405)
Европа Биримдигинин (ЕБ) Коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархели Түркияга расмий сапар менен келет.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Европа Биримдигинин Коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелинин 22-23-майда Түркияга расмий сапар жасай турганы айтылды.
Европа Биримдиги комиссары Вархелинин 23-майда тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугуша турганы, жолугушууда Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары каралып, аймактык жана глобалдык темаларда пикир алмашыла турганы билдирилди.