Улуттук ракета "Khanдын" биринчи экспорту Индонезияга

ROKETSAN Индонезиянын Жакарта шаарында өткөрүлгөн "Indo Defence Expo & Forum-2022ге" катышып, маанилүү келишимдерге кол койду.

1901773
Улуттук ракета "Khanдын" биринчи экспорту Индонезияга

Түркия алыс аралыкка атуучу артиллериялык ракета "Khanдын" биринчи экспортун Индонезияга жасайт.

Түрк коргоо өнөр жайынын алдыңкы снаряд жана ракета системаларын өндүрүүчүсү ROKETSAN Индонезиянын Жакарта шаарында өткөрүлгөн Indo Defence Expo & Forum 2022ге катышып, маанилүү келишимдерге кол койду.

ROKETSANдын башкы директорунун орун басары Мурат Куртулуш бул жердеги билдирүүсүндө: «Биз кол койгон келишимдер менен жакынкы келечекте Индонезиянын Коргоо министрлигинин кызматына биринчи продукциябызды беребиз. Бул жерде эки башка тема бар. Биринчиси Жерден кургактыкка алыс аралыкка атуучу артиллериялык система Khan. Бул система 280 километрге чейинки аралыкта эффективдүү жана согуш талаасынын тереңдигинде жогорку тактыкка ээ болгон маанилүү курал системасы. Биринчи жолу аны Индонезия армиясына беребиз.

Экинчи тема абадан коргонуу жөнүндө. Бул жагынан Индонезиянын Коргоо министрлигинин талаптары башкача болгон. Эл аралык бизнес өнөктөштөрүбүз менен биргеликте жаңы моделди иштеп чыктык. Техникалык жана финансылык модели түзүлдү. Бул жерде биз катмарлуу абадан коргонуу системасынын биринчи өнүмдөрүн орто жана узак аралыктуу эки башка система катары сунуштайбыз. Алдыдагы мезгилдерде абадан коргонуу системалары боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар