Түркия дан келишими боюнча күткөн кемелердин тобокелчиликке алып келээрин билдирди

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги сөзүндө Кара деңиз дан демилгесинин ийгиликтүү болгонун жана улануусу керектигин айтты.

1900203
Түркия дан келишими боюнча күткөн кемелердин тобокелчиликке алып келээрин билдирди

Түркия, Дан келишими үзгүлтүккө учурагандан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Босфор кысыгында текшерүүнү күтүп жаткан дан кемелеринин навигациялык тобокелчиликке алып келерин эскертти.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги сөзүндө Кара деңиз дан демилгесинин ийгиликтүү болгонун жана улануусу керектигин айтты.

Түркия жана БУУнун ортомчулугунда жетишилген келишим менен ушул убакка чейин 9,5 миллион тонна дан жана азык-түлүк экспортуна жетишилгенин белгилеген Феридун Синирлиоглу, бул келишим менен азык-түлүк баасы да арзандаганын айтты.

Синирлиоглу келишим аркылуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кээ бир өлкөлөргө ачарчылык баштала электе эле кийлигише алганын, Ооганстандан Эфиопияга, Сомалиден Йеменге чейин дүйнөнүн төрт бурчунан балдардын Кара деңиз дан демилгесинен пайдаланганын айтты.

Синирлиоглу: «Бүгүн (кечээ) эртең менен Стамбулдун айланасында текшерүүнү күтүп жаткан 97 кеме жана келген 15 кеме бар. Босфордун айланасында казыгын түшүргөн кемелер навигация тобокелчилигин жаратууда»,-деп белгилеп, кемелердин кыймылдашы үчүн Түркиянын БУУ менен иштеп жатканын айтты.



Тектеш кабарлар