MIT ПККнын командирин Түркияга алып келди
Террорист Пичактын 2015-жылы Диярбакырдын Лиже районунан Сирияга өтүп ПКК/ЙПГга кошулганы жана Сириядагы ЙПГ лагерлеринде машыктырылганы белгиленди.
Улуттук чалгындоо уюму (MIT), Ирактын түндүгүндөгү Синжарда жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын кол салуу бөлүмүнүн командири катары кызмат кылган "Жаншер-Лашер" каймана аттуу Бурхан Пичакты жүргүзгөн операция менен Түркияга алып келди.
Террорист Пичактын 2015-жылы Диярбакырдын Лиже районунан Сирияга өтүп ПКК/ЙПГга кошулганы жана Сириядагы ЙПГ лагерлеринде машыктырылганы белгиленди.
Сириянын түндүгүндө 2019-жылы жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясына каршы уюмдун операция батальонунда иш алып барган Пичактын 2019-2020-жылдары Сриянын Табка аймагында болгону, 2020-жылдын аягында Сырриндеги жалган академияда кол салуу боюнча машыктырылганы жана уюм тарабынан кол салуу бөлүмүнө дайындалганы аныкталды.
Пичактын андан соң Ирактын Мосул шаарындагы Синжарда командир катары кызмат кылганы белгилүү болду.