"Resilient Lady" аттуу круиздик кеме Бодрумга келди

Кеме кечинде Грециянын Миконос аралына жөнөйт.

2142858
"Resilient Lady" аттуу круиздик кеме Бодрумга келди

Багама желектүү узундугу 277 метр, туурасы 42 метр болгон "Resilient Lady" аттуу круиздик кеме 2355 жүргүнчү менен Мугланын Бодрум районуна келди.

Дүйнөгө белгилүү бизнесмен Ричард Брэнсон тарабынан түзүлгөн Virgin Voyages круиздик фирмасынын Resilient Lady круиздик кемеси быйылкы сезондо экинчи жолу Бодрумга келди.

Люкс кеме 2770 жүргүнчү жана 1160 экипаж мүчөсүн батыра алат.

Кереметтүүлүгү менен көңүлдөрдү бурган кеме 2022-жылы жасалган.

Эртең менен Родос портунан Бодрумга келген чоң кемеде негизинен америкалык жана британиялык жалпы 2355 жүргүнчү менен1140 кызматкер бар.

Кеме кечинде Грециянын Миконос аралына жөнөйт.



Тектеш кабарлар