Эрдоган Румыниянын премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Эрдоган Румыния менен өз ара соода көлөмүнүн эки жыл катары менен 10 миллиард доллардан ашканын, максаттын 15 миллиард долларга жетүү экенин айтты.

2142538
Эрдоган Румыниянын премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Румынияда жашаган түрк жана түрк-татар коомчулуктарын эки өлкөнүн достугунун көпүрөсү катары эсептегендерин айтты.

Президент Эрдоган расмий сапар менен Анкарага келген Румыниянын премьер-министри Чиолаку менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Румыния менен өз ара соода көлөмүнүн эки жыл катары менен 10 миллиард доллардан ашканын, максаттын 15 миллиард долларга жетүү экенин маалымдады.

Румыния менен эки тараптуу деңгээлде жана НАТО чатырынын астында да биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүп, аймактын коопсуздугу менен ырааттуулугуна салым кошкондорун билдирген Эрдоган: «ПКК жана ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүүдө Румыниядан күткөндөрүбүздү премьер-министр менен бөлүштүк»,-деди.

Румынияда жашаган түрк жана түрк-татар коомчулуктарын эки өлкөнүн ортосундагы достук көпүрөсү катары көргөндөрүн айткан Эрдоган: «Мекендештерибиздин румын коому менен ынтымакта жашап жатканына кубанычтабыз. Буга мүмкүнчүлүк берген Румыния бийлигине ыраазычылык билдиребиз. Учурдан пайдаланып, румыниялык жарандардын өлкөбүзгө өздүк күбөлүгү менен саякатка чыгуусуна шарт түзө турган жобону ишке ашырганыбызды билдиргим келет. Ушундайча адамдык карым-катнашыбыздын артарына ишенебиз»,-деди.

Румыниянын премьер-министри Марчел Чиолаку болсо маалымат жыйынында: «Түркия Европа Биримдиги (ЕБ) тышындагы негизги экономикалык өнөктөшүбүз, НАТОдогу эң маанилүү шериктештерибиздин бири, стратегиялык аймактык өнөктөш, жакшы коңшу жана дос экенин айта алабыз»,- деди.

Ал арада Эрдоган менен конок премьер-министр, маалымат жыйынынын алдындагы эки тараптуу жолугушуудан кийин Румыния Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйынына катышты. 

Андан соң президент Эрдоган менен Румыниянын премьер-министри Чиолакунун катышуусунда эки өлкөнүн ортосунда 6 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар