Террор менен күрөш улантылууда
ПКК/ЙПГнын 6 террористи жок кылынды.
Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» жана «Зайтун бутагы» аймактарында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын 6 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Баатыр Мехметчик террористтердин кол салууларына жооп кайтарууну улантууда. Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" жана "Зайтун бутагы" аймактарына кол салган ПКК/ЙПГнын 6 террористи ийгиликтүү операцияда жок кылынды",- деп билдирилди.
Бир тараптан Улуттук Чалгындоо Уюмунун ПКК/ЙПГ террордук уюмуна карата операциясында Иракта 6 террорист жок кылынды. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан Ирактын түндүгүндө ПКК/ЙПГ террордук уюмунун мүчөлөрүнө карата 2 башка операция жүргүзүлдү.Операцияларда Гарада 3, Асосто 3 террорист жок кылынды.