Чавушоглу Шри-Ланканын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү
Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу кесиптеши Сабриге жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
1858605
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Шри-Ланканын тышкы иштер министри Али Сабри менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу кесиптеши Сабриге жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Шри-Ланканын 8-президенти Готабая Ражапакса өкмөткө каршы нааразылык акцияларынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, 14-июлда электрондук почта аркылуу кызматтан кеткенин билдирген.
Ошондон кийин, мурдагы премьер-министр Ранил Викрамасингхе убактылуу президент болуп калды.
Викрамасингхе 20-июлда парламентте жашыруун добуш берүү менен өлкөнүн жаңы мамлекет башчысы болуп шайланды.
Тышкы иштер министри Сабри кечээ Викрмесингхе кабинетинде ант берди.