Эрдоган: «Байден Түркияга F-16 согуштук учактарын сатуу боюнча грек шартын койгон эмес»
Президент Эрдоган кечээ Иран сапарынан кайтып келе жаткан учакта журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин Түркияга F-16 согуштук учактарын сатуу боюнча грек шартын койбогондугун билдирди.
Президент Эрдоган кечээ Иран сапарынан кайтып келе жаткан учакта журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Эрдоган АКШнын Түркияга F-16 учактарын сатуусуна байланыштуу:«Биз Байден мырза менен бул маселелерди талкуулаганыбызда Байден бизге мындай Греция шартын койгон жок. Тескерисинче, биз узакка созулган жолугушуубузда, «НАТОго мүчө өлкөлөр катары, балким, бири-бирибиздин мыйзамыбызды коргошубуз керек» деп сүйлөштүк»,-деп айтты.
Байдендин F-16 темасында колунан келгендин баарын кыла турганын айтканын белгилеген Эрдоган:«Тилекке каршы, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында ага аз да болсо каршы чыккандар бар. Учурдагы окуяларга көз чаптырсак, менимче, мындай шарт биз үчүн милдеттүү шарт эмес. Алар F-16 жөнүндө сунушубузга ооба деп айтышсын жана алар бизге жаңы F-16ларды беришсе жетет. Биз ансыз деле буга чейин колубузда болгондорду тейлөөгө жана оңдоого жөндөмдүүбүз»,-деп айтты.
Сирия маселесинде АКШнын Евфраттын чыгышынан чыгышы керектигин белгилеген президент Эрдоган: «Улуттук коопсуздук маселелери жоюлмайынча, бул (операция) биздин күн тартибибизде кала берет»,-деди.
Эрдоган:«Биз Орусия менен Ирандын Сирия чек арабыздан 30 километр түштүктү көздөй террордук уюмдарга каршы күрөшүүбүздө биз менен болушун каалайбыз. Алар бизге керектүү колдоону көрсөтүшү керек»,-деп айтты.
Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнүн жакында Сириянын түндүгүндө Башар Асад режиминин желегин желбиреткенине көңүл бурган Президент:«Ал жерде режимдин желегин желбиретип, түрк армиясын алдап коебуз деп ойлоп жатышат. Ага биз алданбайбыз»,-деди.