Гутерриштен Түркияга эгин ташууга көрсөткөн аракети үчүн ыраазычылык

БУУнун Нью-Йорктогу Башкы борборунда журналисттердин суроолоруна жооп берген Гутерриш, Орусия-Украина кризисинин шартында Кара деңизден эгин ташуу боюнча Стамбул жыйынын уюштуруу боюнча түрк өкмөтүнүн «белгилүү аракеттерине кубанганын» билдирди.

1855172
Гутерриштен Түркияга эгин ташууга көрсөткөн аракети үчүн ыраазычылык

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кара деңизден эгин ташуунун коопсуздугу үчүн Түркиянын аракетине ыраазычылык билдирди.

БУУнун Нью-Йорктогу Башкы борборунда журналисттердин суроолоруна жооп берген Гутерриш, Орусия-Украина кризисинин шартында Кара деңизден эгин ташуу боюнча Стамбул жыйынын уюштуруу боюнча түрк өкмөтүнүн «белгилүү аракеттерине кубанганын» билдирди.

Башкы катчы Гутерриш кечээ Стамбулда Украинанын азык-түлүк товарларынын Кара деңиздин үстүнөн коопсуз экспортун камсыздоо үчүн чечкиндүү кадамга күбө болушкандарын айтып: «Мен түрк өкмөтүнө бул сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруудагы өзгөчө аракеттери жана прогресстеги маанилүү ролу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү күндө бизде адамдардын азап-тозокторун жеңилдетүү, дүйнөдө ачарчылыкты жоюу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү жана кээ бир туруктуулуктуу камсыздоо үчүн бир үмүт нурубуз бар. Бул ар тараптуу келишимге жетүү жолунда маанилүү жана негизге кадам»,-деди.

Орус жана украин бийликтерине «конструктивдүү катышкандыгы үчүн» ыраазычылык билдирген Гутерриш: «Стамбулдан келген үмүт бизге диалогдун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Бул үмүт шамынан шыктануу менен, келгиле, тынчтык үчүн абдан зарыл болгон сүйлөшүү жолуна жолду жарыктандырууга жардам берели»,-деп айтты.

Түркия, Орусия, Украина жана БУУнун жооптуу өкүлдөрүнүн катышуусунда кечээ Стамбулда өткөрүлгөн аскердик жыйында Украина портторунда күткөн эгиндерди ташуу маселеси талкууланып, тиешелүү тараптардын өкүлдөрү менен координациялык борбор түзүлүүгө чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар