Сомалинин президенти Түркияга келет
Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 2012-2017-жылдары Сомалинин президенттигин аткарган Махмуд май айында кайрадан шайлангандан кийин биринчи расмий сапарын Түркияга жасайт.
1851165
Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен 3-5-июль күндөрүндө Түркияга расмий сапар менен келет.
Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 2012-2017-жылдары Сомалинин президенттигин аткарган Махмуд май айында кайрадан шайлангандан кийин биринчи расмий сапарын Түркияга жасайт.
Сапардын алкагында боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптан каралып, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн жасала турган кадамдар талкууланат.
Жолугушууларда ошондой эле учурдагы аймактык жана эл аралык окуялар боюнча пикир алмашуу каралууда.