Токаев Түркияга келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган кесиптешин Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алат.

1824720
Токаев Түркияга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки күндүк расмий сапар менен Түркияга келди.

Токаевди Эсенбога аэропортунда вице-президент Фуат Октай, губернаторлук жана муниципалитеттин өкүлдөрү, Түркиянын Нур Султандагы элчиси Уфук Экижи жана Казакстандын Анкарадагы элчиси Еркебулан Сапиев тосуп алды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган кесиптешин Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алат.

Эрдоган-Токаев жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштар кеңири каралат.

Жыйындын негизги темасы экономика болуп, эки өлкөнүн ортосундагы 10 миллиард долларлык соода көлөмүнүн максатына жетүү үчүн таштала турган кадамдарга баа берилет жана туризм, энергетика, саламаттыкты сактоо, коргонуу өнөр жайы сыяктуу кызматташтык тармактарына басым жасалат.

Эки лидер Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди аймактык өнүгүүлөр деген темада талкуулашат жана алдыдагы мезгилде аткарыла турган жол картасына токтолушат.

Жолугушууда Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согуш да экинчи тема болмокчу.

Эрдоган Түркиянын согушту токтотуу үчүн жүргүзүп жаткан аракеттери тууралуу кесиптешине маалымат берет.



Тектеш кабарлар